• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19дун жаңы 47 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек 14.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда 14-июлга карата COVID-19дун жаңы 47 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Анын ичинде 40 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан, 7 кишиден өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.

Аныкталгандардын ичинен жетөө COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн. Амбулатордук дарыланууда — 46 адам, ооруканада бир бейтап жатат.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 миң 329 учуру катталган, адам өлүмү 1,5% түздү.

"2022-жылдын 6 ай 13 күнүндө COVID-19дун 16 миң 581 учуру аныкталды. Анын ичинде лабораториялык түрдө 14 587 (87,9%) жана 1994 (12,1%) учур – клиникалык-эпидемиологиялык (белгилерин жана ооруну жугузгандар менен байланыштарын эске алуу менен) ырасталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий