• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустун жаңы учуру катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда 6-майга карата коронавирустун жаңы учуру жана оорудан сакайгандар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, республика боюнча амбулатордук дарыланууда 4 адам бар.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий