• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада тогуз өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы суткада тогуз өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 2;
  • Чүй облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 2 тилсиз жоо катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан төрт чыгуу болду.

Өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын күндөлүк маалыматына таянсак, сутка ичинде ири өрт кырсыгы катталган эмес. Бишкектин Ак-Босого конушундагы Чүй көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайдан чыккан өрт чыккан. Бирок жалын өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Петровка айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн чатырынын 6 чарчы метри күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кең-Сай айылында жалпы аянты 180 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 100 чарчы метри шыбы, чатыры жана үй буюмдары күйгөн.

Каракол шаарындагы Токтогул/Торгоев көчөлөрүнүн кесилишинде Mazda үлгүсүндөгү унаадан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий