• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 27 жаңы учуру аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда 27-марттан 2-апрелге чейин COVID-19дун 27 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, 27 адамдын 11и ооруканага жаткырылган.

"Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү саны бирден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий