Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда 30-январдан 5-февралга чейинки аралыкта коронавирустун жети жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен беш адам ооруканага жаткырылды.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы бардык облустар жашыл зонада жайгашкан.
Эскерте кетсек, 2022-жылы жана 2023-жылдын 35 күнүндө күнүндө коронавирустун жалпы 21 миң 851 учуру катталган.
Пикир
Оставить комментарий