• 86.2
  • 91.48
  • 0.88

Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 12 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда 24-апрелден 1-майга чейин СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруга чалдыккан 12 адамдын үчөө ооруканага жаткырылган.

“Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1%дан аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-жылга жана 2023-жылдын 4 айында жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 140 учуру катталды, анын ичинен 20 129 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Пикир

Оставить комментарий