Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы кымбаттаган

Экономика 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы эң көп кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баа 4,8%га, азык-түлүк эмес товарларга - 1,5%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 0,4%га, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 3,5%га жогорулаган.

Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусунан (0,6%га төмөндөгөн) башка республиканын бардык аймактарында байкалган.

"Ошол эле учурда Талас облусунда баанын максималдуу өсүшү 2,4%га катталды, бул алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баанын 5,4%га жана азык-түлүк эмес товарларга 3,5%га эң көп өсүшү менен шартталган", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий