• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда алтынды иштетүүгө 470 лицензия берилген - Мырза Жаманбаев

Экономика 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда алтынды иштетүүгө 470 лицензия берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев кабарлады.

Ал белгилегендей, өлкөдө жалпысынан 2400 лицензия берилген.

“Алардын ичинен темир боюнча 106 лицензия, көмүр – 327, кен – 145, газ жана мунай – 59, суу – 413. 2400 лицензиянын ичинен иштетүүгө 1270, чалгындоого – 917, кайтарылгандар – 163, четке каккандар – 134, өз ыктыяры менен кайтарылгандар – 7, канааттандыргандар – 2, каралбагандар – 2”, - дейт ал.

Жаманбаевдин айтуусу боюнча, 2019-жылы жарылуучу, бургулоо иштерине 69 лицензия берилген.

“Өнөр жай коопсуздугу жана долбоордук документтердин 317си жактырылган. Алардын ичинен 27 кайрадан иштеп чыгууга жана колдонууга жөнөтүлгөн”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий