Бишкек, 24.01.18. /Кабар/. 12нен 17-февраль күндөрү өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринде англис тили жумалыгы өтөт,-деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.
Акциянын алкагында сынактар, көргөзмө, жолугушуулар жана жыйындар болот.
5-11-класстын окуучулары үчүн “Англис тили – эл аралык пикир алмашуунун тили” аталыштагы темага ачык сабактар өткөрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий