• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлык акысы 4 эсеге көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту каралып жатканда, күч түзүмдөрүн чыңдоо, армия менен милицияны модернизациялоо маселелерине токтолду.

«Акыркы жылдары Кыргызстан жарандардын коопсуздугун камсыздоодо олуттуу ийгиликтерге жетишти. Тейлөө шарттары жакшырды: тамак-аштын сапаты жакшырды, байкоо камералары орнотулду, кырдаал борборлору түзүлдү. Тамактануунун жаңы стандарты бекитилип, бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөн. Зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды, аскер кызматкерлеринин айлык акысы 4 эсеге жогорулатылды, ошондой эле аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин пенсиялары дагы жогорулатылды», - деди минкаб башчысы.

Күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын аркасында өлкөдө кылмыштуулуктун азайышы жана коопсуздуктун көрсөткүчтөрү жакшырганы белгиленди.

«Биз форма менен 100% жабдылганбыз, автопарк 90% жаңыланды. Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн 4 миңден ашык видеокамера орнотулду. Акыркы төрт жылда дээрлик 4 миң кылмышкер кармалып, 3,7 миңден ашуун дайынсыз жоголгондор табылды», - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий