• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды

Коом 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, 18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакырылган курактагы кыргызстандыктар чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү.

Бүгүн Республикалык жыйын пунктунда чакыруучуларды анык аскердик кызматын өтөөчү жерлерге узатууга арналган биринчи аскерге жөнөтүү иш-чарасы болду.

Ага Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, “Жоокерлердин энелери” республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова, чакыруучулардын ата-энелери жана жакындары катышты.

Ушундай эле узатуу аземдери республиканын башка жыйын пункттарында дагы уюштурулууда. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин кошуундары менен бөлүктөрүндө кызматтарын өтөшөт.

Чакыруу үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий