• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда улгайган ата-энесин кароодон баш тарткандар жазаланат. Мыйзамга президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Граждандык кодексине, КР Үй-бүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – сот актысынын негизинде, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдардын өздөрүнүн эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин багууга каражаттарды төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти тактоо жана жазаны катаалдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Тактап айтканда, мыйзам Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

– КР Кылмыш-жаза кодексинин 179-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү, жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар 12 айдан ашпаган мезгилде түзүлгөн, эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багууга каражаттарды соттун чечиминин негизинде төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн, 200дөн 500гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуудан же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же түзөтүү жумуштарына тартууга чейинки, ал эми ошол эле каражаттардын төлөнбөгөн мөөнөтү 12 айдан ашса, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуудан же 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуудан тартып, үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга чейинки, квалификациялык белгилери менен жоопкерчиликтерди жана күчөтүлгөн санкцияларды караган редакцияда берилген.

Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин ушул эле беренесинин 3-бөлүгүндө, соттун чечиминин негизинде эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга милдетүү адамдын өзүнүн эмгек акысынын өлчөмүн жана ага теңештирилген кирешелерин жашыруусу, төмөндөтүүсү, ошого тете жумушка орношуудан баш тартуусу боюнча жаңы жоопкерчилик жана ал үчүн бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул салуудан тартып үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү тиешелүү санкциялар каралган;

– КР Граждандык кодексинин 204-беренеси жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылуу боюнча эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелердин кызыкчылыктарын колдоо үчүн ишеним кат берүү укугун караган ченем менен толукталган;

– КР Үй-бүлө кодекси жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик социалдык тейлөө органдары мамлекеттик камсыздоодо турган же өзүн-өзү камсыздоодо калган жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энелерди багуу үчүн жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдарынан алимент өндүрүү жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укук берген ченем менен толукталган.

Пикир

Оставить комментарий