• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда Аталар жана Энелер күндөрү белгиленет. Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 25.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү Аталар күнү (15-март) жана Энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет.

Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий