• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстанда август иш-чараларынын алкагында билим саммити өткөрүлөт

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. 2024-жылдын 16-20-августунда биринчи жолу август иш-чараларынын алкагында "Билим берүү жана илим диалогу: Кыргызстан-Казакстан. Кыргызстан-Сингапур. Кыргызстан-Россия" билим саммити өтөт.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, саммиттин максаты – билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында үзгүлтүксүз окутууну, социалдык жоопкерчиликти, жарандык катышууну, көп тилдүү жана маданий көп түрдүүлүктү камсыз кылуу боюнча эл аралык кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү консолидациялоо платформасын түзүү.

Кыргызстан-Казакстан: Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу тажрыйбасы

15-16-августта аталган саммиттин алкагында "Мектепке чейинки билим берүү кызматын каржылоонун пилоттук долбоору жана мектепке чейинки билим берүү системасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк” темасында тегерек стол өткөрүлөт. Анда Кыргызстан жана Казакстандын өкүлдөрү мектепке чейинки билим берүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбаларды талкуулашат. Эки өлкөнүн катышуучулары каржылоонун жана өнөктөштүктүн ар кандай моделдеринин күчтүү жана алсыз жактарын аныктап, ошондой эле аларды өз өлкөлөрүнүн шарттарында адаптациялоо жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Кыргызстан-Сингапур: PISAга даярдануу үчүн окуучулардын табигый илимдер деңгээлин жана математикалык сабаттуулугун жогорулатуу

17-18-августта мультимодалдык программа менен иштөөнү үйрөтүү үчүн тренерлерге “PISA компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу табигый илимдер жана математика жаатында окуучулардын сабаттуулугун жогорулатуу” темасында семинар пландаштырылган. Marshall Cavendish Education (Сингапур) окуучулардын компетенттүүлүгүн жана билим берүү натыйжаларын жакшыртуу үчүн PISA тестине даярдануу жана Cerebry платформасын колдонуу боюнча тренинг өткөрөт.

Кыргызстан-Россия: Билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси

19-20-августта биринчи жолу билим берүүдөгү инновациялык жетишкендиктердин кыргыз-орус жарманкеси өтөт. Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Россиянын президентинин иш башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысынын орун басары Антон Рыбаков, РФ агартуу министринин биринчи орун басары Александр Бугаев, РФ илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Ольга Петрованын катышуусу күтүлүүдө.

Жарманкенин жүрүшүндө эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмө, мастер-класстар орун алат. Ошондой эле “Технологиялык лидерликке жетишүүдөгү билим берүүнүн орду”, “Педагогикалык кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү инновациялар” жана “Билим берүү процессиндеги санарип чечимдер” темаларында секциялар жүрөт.

Белгиленгендей, илим жарманкеси Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” этнокомплексинде өтөт. Иш-чара министрликтин Facebook расмий баракчасы жана Youtube каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий