• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстанда автобекеттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда автобекеттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, “Ысык-Көл автобекети" филиалынын Түп автокассасынын аймагына автобустар жөнөтүлүүчү перрон курулуп, колдонууга берилди. Каракол автобекетинин аймагын көрктөндүрүү, асфальт төшөө, бордюрларды, суу агуучу бетон арыктарды орнотуу жумуштары аткарылууда.

Ошондой эле Каракол автобекетинин имаратын капиталдык оңдоп-түзөө боюнча техникалык-сметалык документтер даярдалып, жумуш башталуу алдында турат. Ал эми Таластагы бекеттин фасады жаңыртылды.

Ал эми “Нарын автобекети” филиалынын Ат-Башы автостанциясынын аймагы темир тосмо менен тосулду. Кочкор районуна жаңы автобекет куруу үчүн 1,44 гектар жер аянты “Нарын автобекети” филиалына бекитилип берилди. Учурда курулушту баштоо үчүн эски имарат буздурулууда. Мындан тышкары, Ак-Талаа автостанциясынын имаратын оңдоп-түзөөнү жыл аягына чейин аткаруу пландалууда.

Мындан сырткары, Бишкектеги Батыш автобекетинин имаратынын чатыры алмаштырылып, бекеттин аймагында асфальт төшөө жумушу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий