• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы Россия жана Казакстанга салыштырмалуу төмөн – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы Россия жана Казакстанга салыштырмалуу төмөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жүргүзгөн мониторингинде айтылат.

Азык-түлүккө болгон баалардын салыштырмалуу мониторингинин жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстандын базар бааларынан 14,8 %га төмөн, ал эми Россиядан 15,2%га төмөн экендиги аныкталды.

Эске салсак, өткөн аптада салыштырууга алынган шаарларда азык-түлүккө болгон баа 0,02 %га төмөндөсө, коңшу Казакстандын базар баалары 0,01 %га, ал эми Россияда 1,02 % га жогорулагандыгы байкалган.

Министрлик белгилегендей, бир аптанын ичинде Бишкек шаарынын ички рыногунда продуктыларга болгон абал туруктуу. Каракол шаарында 1-сорттогу буудай 1 сомго арзандаса, 1-сорттогу (импорт) уну 6 сомго жогорулаган жана кумшекер 2,8 сомго, сабиз 2,5 сомго арзандаган. Ош шаарында пастерленген сүттүн баасы 1 сомго, уй эти 5 сомго төмөндөгөн жана тоок жумурткасына болгон баа 5 сомго жогорулаган.

Ошол эле маалда Казакстандын Костонай облусунда продуктылардын баасында өткөн апта менен салыштырмалуу чоң өзгөрүү байкалган жок болгону уй этинин баасы 10 сомго жогорулаган. Карагандада өзгөрүү байкалган эмес. Ал эми Актөбеде 1-сорттогу буудай 3 сомго, пастерленген сүттүн баасы 3 сомго жана уй эти 2 сомго кымбаттаган. Россиянын Тюмень, Красноярск, Саратов облустарында продуктыларга болгон баалар туруктуу жана өзгөрүү байкалган жок.

Пикир

Оставить комментарий