• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда бүгүндөн тарта уюлдук телефондорду каттоо башталды. IMEI код деген эмне?

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоо үчүн “Инмобайлс” компаниясы негизделген. Министрлер кабинети мобилдик түзүлүштөрдү мамлекеттик идентификациялоо системасын (МИС) уюштуруу тартибин бекитип, телефондорду каттоодон өткөрүү өлкөгө уюлдук телефондорду киргизүүнү көзөмөлдөөгө, бажы төлөмдөрүн көбөйтүүгө жана аткезчилик менен күрөшүүгө шарт түзөрүн айткан болчу. Бажы тариздөөсүнөн өтпөгөн аппараттар жергиликтүү байланыш операторлорунун түйүндөрүндө иштей албай турганы белгиленген. Ошондой эле киргизилген жаңычылдык уурдалган мобилдик аппараттардын санын азайтат деп күтүлүүдө.

“Кабар” агенттиги imei.kg сайтындагы пайдалуу маалыматтарды топтоп, жарандардын кызыккан суроолоруна жооп издеди.

IMEI код деген эмне?

IMEI (International Mobile Equipment Identity) – GSM ассоциациясы жана баштапкы өндүрүүчү тарабынан уюлдук байланыш каражаттарына ыйгарылган 15 сандан турган эл аралык уникалдык код.

Уюлдук телефондун IMEI кодун кантип билсе болот?

Уюлдук телефондун IMEI кодун билүү үчүн телефонуңуздан *#06# комбинациясын теришиңиз керек. Бул код ошондой эле уюлдук телефондун кутучасында, кепилдик сертификатта же батареясынын астында көрсөтүлүшү мүмкүн.

Кыргызстандыктар колдонуп жаткан телефондорду ким каттайт?

Муну идентификациялык операторлор ишке ашырат. Ар бир кыргызстандык идентификациялоочу операторго кайрылууга же кандайдыр бир веб-сайтка телефонунун маалыматтарын киргизүүгө мажбур эмес. Мунун баары автоматтык түрдө катталат.

Акысыз каттоонун мөөнөтү кандай?

Жеке колдонуу максатында сырттан алып кирген жарандар өз уюлдук телефондорун 2024-жылдын 25-июнунан 25-августуна чейин акысыз каттай алышат. 25-августтан кийин уюлдук телефондору каттоо үчүн берилген арыздар аркылуу катталууга тийиш.

Каттоо акысына канча сом төлөнөт?

IMEI каттоо тарифтери ар бир уюлдук телефон үчүн Кыргызстандын жарандарына жана чет өлкөлүктөргө 528 сом + КНС. Төлөм “KG Balance”, “O! деньги” жана “MegaPay” тиркемелери аркылуу жүргүзүлөт. Сиз уюлдук телефондун IMEI коддорун импорттолгон күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде катташыңыз керек.

Уюлдук телефондун IMEI кодунун каттоо статусун кантип текшерсе болот?

1. www.imei.kg сайтына кирип, издөө тилкесине IMEI кодун киргизиңиз.

2. *5656# териңиз жана көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.

3. Сиздин байланыш операторуңуздун мобилдик тиркемелери аркылуу: Билайн, Нуртелеком же Mегаком.

Уюлдук телефондун IMEI кодун (коддорун) ким катташы керек?

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Кыргызстандын аймагында сатылып жаткан бардык уюлдук телефондорду алып келүү учурунда, уюлдук телефондорду сатуу менен байланышкан ишкердикти жүргүзгөн жеке/юридикалык жактар (импортоочулар) мамлекеттик идентификациялоо системасы тарабынанан каттоодон өтүшү керек. Өлкө аймагында уюлдук телефондорду сатып алардан мурда колдонуучулар www.imei.kg сайтындагы мамлекеттик идентификациялоо системасынан уюлдук телефондун каттоо статусун текшерүүсү керек. Эгерде импортер/ритейлер мамлекеттик идентификациялоо системасынан каттоодон өтпөгөн уюлдук байланыш каражаттарын сатса, анда укук коргоо органдарына кайрылуу, ошондой эле imei.kg дарегине даттануу жөнөтүү сунушталат. Эгерде уюлдук байланыш каражаттары эл аралык почта же жүк ташуу аркылуу импорттолсо же колдонуучу тарабынан чет өлкөдөн жеке колдонуу үчүн алынып келинсе, анда мындай түзмөктүн IMEI кодун (коддорун) каттоо колдонуучу тарабынан www.IMEI.KG веб-сайтында өтүнмө ээсинин сураган маалыматын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Жеке адамдар өз колдонуусу үчүн алып келген уюлдук телефондун IMEI кодун (коддорун) кантип каттай алышат?

Уюлдук телефондорду Кыргызстанга (чет өлкөдөн өздөрү менен) же онлайн сатып алуу аркылуу алып келген жарандар (жеке жактар) өздөрүнүн уюлдук телефондорун www.imei.kg сайтынан импорттогон күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде каттоодон өткөрүүсү зарыл.

Уюлдук телефонго SIM-карта салып жандандыргандан кийин IMEI кодун каттоонун мөөнөтү канча?

Уюлдук телефонго SIM-карта салып жандандыргандан кийин колдонуучуга биринчи уюлдук тармакка кошулган учурдан тартып 30 күн берилет, андан кийин каттоодон өтпөгөн учурда уюлдук байланыш тармагына кирүү чектелет.

Уюлдук телефондо эки же андан көп IMEI коддорунун болушу эмнени билдирет?

Эгерде уюлдук телефондо эки же андан көп IMEI коддору болсо, бул ал бир нече SIM карталарды колдонот жана эки же андан көп байланыш операторлору тейлей алат дегенди билдирет. Каттоо үчүн төлөм акысы IMEI коддорунун санына карабастан бир уюлдук телефон үчүн жүргүзүлөт.

Эгер уюлдук телефон жоголсо же уурдалса, колдонуучу кандай чараларды көрүшү керек?

Уюлдук телефон жоголуп же уурдалып кеткен учурда колдонуучу укук коргоо органдарына жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылуусу жана уюлдук телефондун оригинал кутусу, менчик укугун сатып алуу же өткөрүп берүү жөнүндө күбөлөндүргөн юридикалык маанилүү документтерди көрсөтүшү зарыл. Уурдалган уюлдук телефон табылган учурда колдонуучу бул тууралуу укук коргоо органдарына кабарлоосу шарт.

Жаш балдардын уюлдук телефонунун IMEI кодун (коддорун) ким каттатат?

Ата-энесинин же камкорчусунун документтери аркылуу балдардын уюлдук телефонунун IMEI коду (коддору) катталат.

Жеке адамдар тарабынан чектөөдөн ашык өз колдонуусу үчүн алып келинген уюлдук телефондун IMEI-кодун/коддорун кантип каттоого болот?

Жеке адам өз колдонуусу үчүн жылына экиден ашык эмес уюлдук телефонду Кыргызстанга алып келүүгө укуктуу. Жылына экиден ашык уюлдук телефонду каттоого төмөнкү учурларда жол берилет:

1) үчүнчү өлкөлөрдөн уюлдук байланыш каражаттарын ташып келүүнү жүзөгө ашырууда бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө менен мындай түзмөктөрдү бажылык декларациялоо;

2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринен импорттоодо салык мыйзамдарына ылайык салыктык отчеттуулукту жана кыйыр салыктарды төлөөнү камсыз кылуу. Уюлдук байланыш каражаттарын Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) каттоо үчүн төлөм бардык салыктар/бажы жыйымдары төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөт.

Уюлдук телефонуңуздун IMEI кодун (коддорун) www.imei.kg сайтында каттоодо кыйынчылыктар пайда болсо, эмне кылуу керек?

Идентификациялык оператор менен support@imei.kg дареги боюнча же байланыш операторунун колдоо борборуна төмөнкү телефондордун бири боюнча кайрылыңыз:

+996 505 533 000;
+996 223 550 055;
+996 997 550 055.

Пикир

Оставить комментарий