• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата республикалык ишембилик өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Эртең, 14-сентябрда Кыргызстанда республикалык ишембилик өткөрүлөт, анын максаты таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын жайылтуу жана калктын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат. Негизги максат – таштандыларды сорттоо жана келечек муундар үчүн экологиялык таза жашоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруу.

Ал эми 21-сентябрда, айдын үчүнчү ишембисинде Кыргызстан «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» эл аралык экологиялык акциясына кошулат. Бул күнү дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн миллиондогон адамдар планетаны таштандыдан тазалоо үчүн биригишет. Кыргызстанда эко-акция «Эко Деминин» колдоосу менен өтүп, таза жана туруктуу экология үчүн глобалдык кыймылдын бир бөлүгү болуп калат.

«Биз коомубуздун экологиялык маданиятындагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз. Тазалык жана климатка болгон камкордук эч кандай экономикалык жана саясий чектерди билбестигин түшүнүү маанилүү. Ар бир жаран өлкөбүздүн таза болушуна салым кошуусу керек”, - деп белгилейт «Эко Деми» коомдук фондунун жетекчиси, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси Айжан Чыныбаева.

Чыныбаева ошондой эле таштандыларды өзүнчө чогултуу жана калк менен системалуу иш алып баруу – экологиялык максаттарга жетүү үчүн негизги фактор экенин баса белгиледи. Быйылкы иш-чараларга өлкө боюнча 650 миңден ашык ыктыярчыларды тартуу пландалууда.

«Биз Кыргызстан дагы бир жолу акциянын катышуучуларынын саны боюнча дүйнөлүк лидер болот деп ишенебиз, анткени бул жарандык милдет жана өз мекенине болгон сүйүү маселеси», - деп кошумчалады Чыныбаева.

Ошондой эле акциянын алкагында эң таза айыл үчүн сынак уюштурулуп, анын жеңүүчүсү «Эко Деми» өткөрүүчү тренингдерине катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, эң активдүү ыктыярчылар үчүн билим берүү программалары өткөрүлөт жана жашыл технологияларды жана волонтердук демилгелерди колдоо үчүн United Econations жаңы платформасы ишке киргизилет.

Ишембиликке каалаган адам катыша алат. Бул жөн гана үйдүн жанындагы жерди же жакынкы паркты тазалоодон башталат.

«Эң башкысы – таза жана сергек келечекти түзүү үчүн ар бир кадам маанилүү экенин түшүнүү жана салым кошуу», - деп белгиледи Айжан Чыныбаева.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү («World Cleanup Day») – бул дүйнө жүзү боюнча таштандыларды тазалоо жана бак-дарактарды отургузуу боюнча глобалдык экологиялык экоакция. Ал 2008-жылдан бери ар бир сентябрь айынын үчүнчү ишембисинде өткөрүлөт. Кыргызстан беш жылдан ашык убакыттан бери «Эко Деми» коомдук фондунун жардамы менен Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө катышып келет, фонддун жетекчиси Айжан Чыныбаева акциянын республикадагы элчиси.

«Эко Деми» фондунун максаты – экология маселелери, көйгөйлөрү жана айлана-чөйрөнү сыйлоо боюнча улуттун өзүн-өзү аңдоосун жогорулатуу.

Эскерте кетсек, 2022-жылдан бери президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда күз жана жаз айларында белгиленүүчү Улуттук тазалык күнүн киргизүү тууралуу жарлыгы күчүнө кирген.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө кантип катышууну «Эко Деми» фондунун социалдык тармактардагы баракчаларынан тапса болот:

Facebook - https://www.facebook.com/PFecodemi/?locale=ru_RU

Instagram - https://www.instagram.com/eco.demi/

Же телефон аркылуу байланышыңыз:

WhatsApp: +996 705055505, +996 559867886

Пикир

Оставить комментарий