• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Кыргызстанда багбандарга 12 миллионго жакын сапаттуу көчөттөр сунушталат

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда дыйкандарга 11 млн 868 миң 703 даана сапаттуу көчөт сунушталат жана 200 миң уй жасалма уруктандырылат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор президент Садыр Жапаровдун “Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, Айыл чарба министрлиги тарабынан дыйкан-фермерлерди жогорку кирешелүү, сапаты мыкты көчөттөр менен камсыз кылуу жана малдын породаларын жакшыртуу максатында асылдандыруу багытындагы жасалма жол менен уруктандыруу максатында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий