Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Кыргызстанда бала бакчалар качан иштей баштарын айтты.
Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелери мектептердей эле 15-сентябрда салттуу режимде иштей баштайт.
Эскерте кетсек, 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө (офлайн) башталат.
Пикир
Оставить комментарий