• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда “балага сүйүнчү” жөлөкпулун санарип сом менен төлөө пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда “балага сүйүнчү” жөлөкпулун санарип сом менен төлөө пландалууда.

Улуттук банктан маалымдашкандай, 20-ноябрында 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планын аткаруунун алкагында, мамлекеттик-социалдык төлөмдөр боюнча санарип сом платформасынын прототибин апробациядан өткөрүүнүн II фазасын талкуулоо боюнча кызыкдар болгон министрликтер жана ведомстволор менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банк “Балага сүйүнчү” долбоорун санарип сом платформасында ишке ашыруу архитектурасынын долбоорун сунуштады жана долбоорду техникалык адистер менен бирге андан ары ишке ашырууну улантуу тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий