Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде балдар жана өспүрүмдөр командаларынын машыктыруучуларынын жыйыны өттү.
Биримдиктен билдиришкендей, ага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Жогорку Лигасынын жана Улуттук Лигада ойногон клубдардын жаш курамдарынын машыктыруучулары катышты.
Иш-чара учурдагы көйгөйлөрдү жана 2025-жылга карата балдар жана жаштар футболун өнүктүрүү боюнча пландарды талкуулоо максатында уюштурулган.
Жыйынды КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков ачып, келечекте эл аралык аренада мындан аркы жакшы жыйынтыктарга жетишүү үчүн жаштар футболун өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө КФБнын техникалык бөлүмү тарабынан башка өлкөлөрдүн жаштар футболун өнүктүрүү боюнча тажрыйбасы, ошондой эле КФБнын Улуттук футбол академиясынын ишмердүүлүгү, ФИФАнын таланттарды өнүктүрүү программасы жана машыктыруучулук билим берүү боюнча презентациялар сунушталды.
Ошондой эле Балдар футбол лигасынын директору Улукбек Айдарбеков 2025-жылы өтө турган балдар жана өспүрүмдөр арасындагы мелдештердин календары жана форматтары менен тааныштырды.
Чогулуш командалардын машыктыруучулары аларды кызыктырган маселелерди талкуулоого гана эмес, келерки жылдын негизги приоритеттерди аныктоого мүмкүндүк берди.
Пикир
Оставить комментарий