• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда балдарга суицид жана порнороликтерди көрсөтүүгө тыюу салуу пландалууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. “Балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга чыгарылган.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Гулшат Асылбаева.

Документтин маалымкат-негиздемисине жараша, бул мыйзам долбоору балдардын жана өспүрүмдөрдүн адептик, дене-бойлук, психологиялык жана социалдык саламаттыгын камсыз кылуу, сактоо жана чыңдоо үчүн коопсуз маалыматтык чөйрөнү түзүү максатында иштелип чыкты.

Маалыматтык-коммуникациялык тармактарда балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу маселеси жашы жете элек пайдалануучулардын саны орчундуу өсүп жатканынан улам барган сайын актуалдуу болуп бара жатат. Коомдун өнүгүшүнүн азыркы шарттарында компьютер бала үчүн «дос» да, «жардамчы» да, жана «мугалим» да болуп калды. Заманбап коммуникациялык технологиялардын эволюциясы маалыматтардын контролдонбогон агымдарынын балдар психикасына ашкере таасир кылуу маселесин жаратты.

Ошол эле кезде компьютер менен иштөөдө, анын ичинде Интернет тармагы менен иштөөдө өсүп келе жаткан муундун дене-бойлук, моралдык, рухий саламаттыгына терс таасирин тийгизүүчү бир катар факторлор бар. Алар психикалык жактан али калыптана элек окуучулардын жүрүм-турумунда көйгөйлөрдү жаратууда, балдарга коркунуч келтирүүдө. Баланын турмуштук тажрыйбасы болбогонунан, психикасы бекемделбегенинен улам, балдар чоңдорго караганда компьютердик оюндар, мобилдик байланыш, жарнама, айрыкча, дүйнөлүк Интернет тармагы аркылуу терс таасирге көбүрөөк учуроодо.

Дүйнөлүк изилдөө практикасында узак убакыт бою негативдүү маалыматтын, анын ичинде зомбулукту, бангизаттарды, порнографияны, терроризмди, экстремизмди жана башкаларды насыяттоонун адамга болгон таасири темасында көп сандаган изилдөөлөр жүргүзүлүп келе жатат. Мындай насыяттоо тикелей жана көшөгөлөнгөн формада жүзөгө ашырылат. Бул изилдөөлөрдүн натыйжалары эл аралык жана улуттук деңгээлдерде чечимдерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн негиз болуп калууда.

Эгерде мамлекет өзүнө эл аралык милдеттенмелерди алса, бул милдеттенмелер негативдүү маалыматтардын балдарга жетимдүү болушун чектөөгө багытталган жаңы укуктук нормаларды мамлекеттин ички мыйзамдарына имплементациялоого мүмкүндүк берет.

Балдардын психикасына негативдүү таасир кылуучу маалыматтын балдарга жетимдүү болушун чектөөнүн зарылдыгын белгилөөчү жоболорду камтыган БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын бир катар документтери бар. Алардын ичинде БУУнун баланын укуктары жөнүндө Конвенциясы өзгөчө мааниге ээ. Бул Конвенция бардык ага катышуучу мамлекеттер тарабынан жашы жете электерди коргоонун, жыргалчылыгын жана кызыкчылыктарын эсепке алуунун кепилдиктерин караган.

Алсак, БУУнун баланын укуктары жөнүндө Конвенциясынын
19-беренесине ылайык, ага катышуучу мамлекеттер, анын ичинде КР жашы жете электерди дене-бойлук жана сексуалдык зомбулуктан, шалакы жана катаал мамиле жасоодон жана опекундардын, ата-энелердин жана жашы жете электерди тарбиялоо боюнча жоопкерчиликти өзүнө алуучу башка адамдардын мыйзамсыз эзүүсүнөн коргоону камсыз кылуу үчүн социалдык, мыйзам чыгаруучулук жана административдик деңгээлде чараларды көрүшү керек.

Бул документтердин түпкүрүндө өсүп келе жаткан муун үчүн толук баалуу балалык өнүгүүгө тоскоолдук кылуучу кырдаалдар жана жагдайлар жокко чыгарылган шарттарды түзүүнүн зарылдыгы жатат. Маалыматтык мейкиндиктин дүйнөлөшүүсүнүн шартында газеталардын, журналдардын, интернет-сайттардын, аудиовидеолук маалыматтардын таасиринин масштабын эсепке алуу менен, мамлекет тарабынан балдарды жана башка жарандарды коргоо үчүн алардын маданий өнүгүүсүнө жана психикалык саламаттыгына кандайдыр бир залалын тийгизүүчү маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгы бышып жетилди.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда балдарды жана өспүрүмдөрдү алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоону камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик башкаруунун, бизнестин жана жарандык коомдун деңгээлинде аныктамалар жана механизмдер киргизилүүдө. Мыйзам долбоорунда балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, маалыматтык өндүрүмдөрдү балдардын жаш курактары боюнча классификациялоо, маалыматтык өндүрүмдөрдү тандоого карата талаптар, теле жана радио берүү, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактар аркылуу маалыматтарды жайылтууга, маалыматтык өндүрүмдөрдү экспертизалоого карата талаптар киргизилип жатат, балдарды коргоо жөнүндө КРнын мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду, коомдук контролду камсыз кылуу, аталган чөйрөдөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу менен балдарды негативдүү маалыматтардан коргоо жана алардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча натыйжалуу система калыптанат.

Пикир

Оставить комментарий