• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстанда балдын баасына байланыштуу экспорттоо басаңдады

Экономика 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл балга болгон баалар бир жарым эсеге көтөрүлүп кеткендиктен аны экспортко чыгаруу татаалдашып калды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, былтыр балдын килограммы 200-250 сомдун тегерегинде болсо, быйыл баалар кыйла көтөрүлүп, 350-400 сомду түздү. Ушундай факторлорду эске салганда балды чет өлкөгө экспорттоо басаңдай түшкөн.

Айыл чарба министрлиги бул маселени чечүү максатында ар тараптуу иштерди алып барууда. Ошол эле учүрда министрлик бал өндүрүүчүлөргө продукциянын сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча ишти алып тынымсыз баруусун сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий