• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бардык мектептерде "Англис тили" жумалыгы өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда бардык мектептерде "Англис тили" жумалыгы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумалык Билим берүү жана илим министрлигинин 12-февралдан 19-февралга чейин республиканын бардык билим берүү уюмдарында "Англис тили жумалыгы" жарыялоо жөнүндө буйругунун алкагында өтүүдө.

Буйрукка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери окуучулар арасында конкурстарды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, конференцияларды уюштуруп, 5-11-класстын окуучулары үчүн “Англис тили эл аралык баарлашуунун тили” аттуу ачык сабактар өткөрүлөт.

Буйрук окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу менен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында чыккан.

Мындан тышкары, англис тили жумалыгынын алкагында “Лингва” коомдук фонду 880 англис тили мугалими жана 400 STEM мугалими катышкан “Жаңы муундагы билим берүү” (Next Generation Education) долбоорунун ачылышын жасайт. Англис тилин, долбоордук иш ыкмаларын жана коммуникативдик методиканы окутууга багытталган долбоордун ачылышы 15-февралда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болот.

Пикир

Оставить комментарий