• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда беш айда ИДПнын көлөмү 5,7 пайызга көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча, 2022-жылдын январь-майында 270 млрд ашык сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7 пайызга көп, - деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Маалыматка ылайык, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 250 млрд ашык сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,7 % көбөйдү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө сектору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу 7,9 % өскөн болсо, 2021-жылдын январь-майында тескерисинче 8,0 % төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4,0 % өстү (2021-жылдын январь-майында 3,3 % өскөн).

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (48,6 %) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, өткөн жылдын январь-майынадагы өзүнүн үлүшүн сактап калган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү январь-майда 2,0 пайыздык пунктка төмөндөп, 33,9 % түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү 21,1 % жана айыл чарбасынын 8,1 % түзгөн, жана тиешелүүлүгүнө жараша 0,7 пайыздык пунктка кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий