• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Кыргызстанда бийик чокуларды тазалоого багытталган “Таза Ала-Тоо” долбоору старт алды

Коом 0

Бишкек, 30.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстандын бийик чокуларын таштандылардан тазалоого багытталган "Таза Ала-Тоо" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу КР Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул Ленин (7134 м) жана Хан-Теңири чокуларын (7010 м) таштандылардан жана эскирген аркандардан тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык долбоор.

"Долбоордун миссиясы эки маанилүү бөлүктөн турат: жаратылышты таштандыдан арылтуу, ошондой эле ата мекендик альпинисттерди чокуларды багындырууда колдоо",-деди ал.

Ал белгилегендей, долбоордун биринчи этабында аталган чокулардан 7 тонна таштанды тазаланды.

"Таза Ала-Тоо" долбоорунун биринчи этабына 7 альпинист катышты. Аталган чокулардан алар 7 тонна таштанды чогултушту. Азыркы учурда, чокуларда дагы 100 тоннага жакын таштанды жатат”,-деди ал.

Кубатовдун айтымында, чокулардагы экологиялык абал катастрофага жакын жана аймактагы эң начар абалдардын бири.

"Негизги көйгөй - бул пластмасса жана темир торлор, башкача айтканда, эски аркандар. Бул экологиялык гана көйгөй эмес. Эски тосмолорду да коопсуздук көйгөйүн жаратат. Бир нече альпинисттер жарактан чыккан тосмолорду жаңысы деп ойлоп, тосмолорго чыгып алышып каза болгон учурлар болду. Долбоордун экинчи этабына улуттук жаратылышты коргоо кызматтары, жарандык экологиялык уюмдар, эл аралык долбоорлор менен биргеликте көп иштер турат. 3300-3500 метр бийиктикте жайгашкан базалык лагерлерде 2025-жылга карата көптөгөн тазалоо иш-чаралары пландаштырылган. 300дөй активист чогулат деген үмүттөбүз. Таштандыларды тазалоо үчүн бир аз каражат бөлгөнү туура келет. Эми биз ар бир альпинистке чогулткан таштандынын, киллограммына жараша акча төлөп беребиз. Азыр бир киллограмм таштандыга канча сом берилери каралууда”, - деп белгиледи Кубатов.

Пикир

Оставить комментарий