• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Кыргызстанда билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга 11,2 млрд сом бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. 2024-2025-окуу жылында адамдык капиталды өнүктүрүү максатында көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен жана башка булактардан 11 млрд 25,4 млн сом кошумча бөлүнөт. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева 4-ноябрда Бишкекте өткөн “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” аталышындагы улуттук форумда билдирди.

Министрдин билдирүүсү боюнча бөлүнгөн каражаттар төмөнкүдөй максаттарга жумшалат:

  • мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө 3 млрд 408 млн сом (анын ичинен 408 млн сом – жаңы бала бакчалардын иштөөсүнө, 3 млрд сом – уктоочу жайларды окуу бөлмөлөрүнө кайра форматтоого жана жаңы топторду түзүүгө);
  • окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга 2 млрд сом;
  • окуучуларды ысык тамак менен камсыздоого 2 млрд 800 млн сом (жылына 1,4 млрд сомдон);
  • мугалимдер үчүн ноутбуктарды сатып алууга 1 млрд 364,4 млн сом (2024-жылы 678 млн сом, 2025-жылы 686,4 млн сом);
  • мектептер үчүн компьютерлерди сатып алууга 100 млн сом;
  • мектептердин муктаждыктарын канааттандырууга 1 млрд 353 млн сом (анын ичинен 416 млн сом – мектептердин окуу чыгашаларына, 134 млн сом – окуу эмеректерине, 803 млн сом – мектептердин учурдагы ремонтуна (жылына 401,5 млн сомдон).

Пикир

Оставить комментарий