• 87
  • 90.58
  • 0.83

Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда

Коом 0

Бишкек, 03.10.29./Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. 2021-2040-жылдарга карата Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу үчүн үч негизги милдетти чечүү керектиги белгиленген:

- Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо;
- Сапатты камсыздоо;
- Натыйжалуу башкаруу жана каржылоо.

Адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүк билим берүү менен камтууну, инклюзивдүүлүктү, көп тилдүүлүктү, коопсуз жана натыйжалуу окутуу чөйрөсүн камтыйт.

Сапатты камсыздоо билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, санариптештирүү, педагогдорду үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү системасы, окутуунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун эффективдүү жана объективдүү системасы, сапаттуу окуу материалдарына негизделет.

Натыйжалуу менеджмент жана каржылоо үчүн кадрдык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, ченемдик каржылоого өтүүнү жана билим берүү уюмдарынын өздөрүнүн деңгээлинде ресурстарды башкаруудагы көбүрөөк өз алдынчалыкка өтүүнү чыңдоо, натыйжаларды көзөмөлдөө, башкаруу системасын автоматташтыруу зарыл.

Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу мөөнөтүнө өтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле окуу китептердин сапатын жана мазмунун жакшыртуу максатында "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси Marshall Cavendish (Сингапур) басмаканасы менен лицензиялык келишимдерди түзүп, 83 млн сомго 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензияларды алды.

Электрондук окуу китептери жеткиликтүү боло баштады. Педагогикалык кадрлардын Улуттук порталы (мугалимдердин реестри) аркылуу мугалимдердин жетишсиздиги багыттары (бош орундар), мугалимдерди аттестациялоо боюнча кырдаалды координациялоого мүмкүндүк берип жатат. Медиа сабаттуулук, өнүктүрүү боюнча квалификацияны жогорулатуу, “жашыл көндүмдөр, санариптик сабаттуулук, чет тилдерди окутуунун коммуникативдик ыкмалары, инновациялык педагогикалык технологиялар, STEM билим берүү курстары уюштурулду.

Эске салсак, окуучулардын билимин баалоо багытында иш алып барган PISA (Programme For International Student Assessment) эл аралык борбору 2009-жылы өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарган. Ага ылайык, Кыргызстандагы окуучулардын билим деңгээли 65 өлкөнүн ичинен эң төмөн деп бааланган. Казакстан 59-орунду ээлесе, Азербайжан 64, Россия 43-орунга илинген. Ал эми Кытай, Түштүк Корея, Финляндия , Канада, Япония өңдүү өлкөлөрдөгү окуучулардын билими жогорку деп бааланган болчу.

Ошол жылдагы иликтөөгө Кыргызстандагы 173 мектептен 15 жаштагы 5 миңге жакын окуучу катышып, сынактан өтүшкөн.

Эми 2025-жылы Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө катышат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 15 жаштан 16 жашка чейинки ар бир окуучу изилдөөнүн катышуучусу болушу ыктымал. Ал эми мугалимдер окуучулардын функционалдык сабаттуулугун тынымсыз өнүктүрүүгө умтулушу керек, бул мектептердеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен түздөн-түз байланыштуу.

"2025-жылы негизги изилдөөгө катышуу үчүн кайсы мектептин окуучулары тандалып алынары белгисиз, андыктан өлкөнүн бардык мугалимдери жана окуучулары тесттерди билиши жана тапшырууга даяр болушу маанилүү", - деп белгилешкен министрликтен.

Белгилей кетсек, Билим берүү министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологияларынын улуттук борборунун расмий сайтында PISA тестине даярдык көрүү боюнча тесттердин топтому жайгаштырылган. Анда мугалимдер жана ата-энелер үчүн тесттердин түрү жеткиликтүү, аларды пайдалануу менен балдар менен чогуу PISAга даярдык көрүүгө бардык шарттар түзүлгөн.

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева эл аралык олимпиадаларда окуучулардын олуттуу оң динамикасы пайда болгонун белгилөөдө. Бүгүнкү күндө мектеп окуучулары математика, информатика, физика, химия жана биология боюнча ар кандай эл аралык олимпиадаларга катышып алдыңкы орундарды багындырышууда. Алсак, 2023-жылы окуучулар 4 алтын, 8 күмүш жана 43 коло медалга ээ болушса, 2024-жылдын алты айында эле окуучулар 9 алтын, 38 күмүш жана 57 коло медалды утууга жетишти. Команданын олимпиадага баруусуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

"Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу үстүбүздөгү жылдын июль айында 108 мамлекеттин катышуусунда өткөн математика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргызстандын мектеп окуучуларынын командасы 29-орунду ээледи. Өлкөбүз биринчи жолу алтын медалга ээ болду — аны Бишкектеги № 61 мектептин окуучусу Назар Кыргызбаев жеңип алды. Үч бала күмүш медалга ээ болушту – "Газпром" мектебинен Ян Бобрус, Элдар Искендеров UWIS эл аралык мектебинен, Искен Кенжебаев Жайыл баатыр атындагы лицейден. Ардак грамота менен "Газпром" мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов жана Бишкектеги №70 мектептин окуучусу Султан Мусаходжаев сыйланды", - деген министр.

Расмий маалыматтарга таянсак, 2024-жылы ЖРТда дээрлик 52 миң бүтүрүүчү катышып, анын 67,8% 110 баллдан жогору босогодон ашты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10,8% көп дегенди билдирет.

Билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртууга мамлекет тарабынан каражаттар бөлүнүүдө. Республиканын мектептерин учурдагы оңдоого дээрлик 400 млн сом жумшалды, бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 эсеге көп.

2024-жылга “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча биринчи жолу республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин тизмесине 431 билим берүү объекти киргизилген жана ага ылайык республикалык бюджеттен 1 млрд 439 млн сом бөлүү пландаштырылган.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягында республикада 14 мектеп жана үч бала бакча ачылды. Мындан тышкары, 7 мектеп жана бир бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Учурда министрлик ишке ашыра турган келечектеги пландарынын үстүндө иштөөгө өзгөчө көңүл буруп жатат.

Мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планы бекитилди. Эми ага ылайык, зарыл болгон ченемдик укуктук актылар, мамлекеттик стандарт, предметтик стандарттар иштелип чыгууга тийиш экенин эксперттер айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий