• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстанда Билим күнүндө 4 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чараларда ички иштер органдарынын 4 миңден ашык кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, сейил бактардын аймактарында, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде жөө жана көчмө кайгуулдар тартылат.

Ошондой эле министрлик мектептердин жанында жол коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, айдоочуларды унаа айдаганда өтө этият болууну эскертет.

"Балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бир топ иштер аткарылууда. Балдарды мектепке ташуу учурунда да өзгөчө көңүл бурулат. Ата-энелер балдарды унаага отургузуу жана түшүрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуусу маанилүү", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда тез арада жакынкы милиция кызматкерине кайрылып, же күнү-түнү иштеген 102 номуруна чалуу керектигин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий