• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстанда бир аптада дээрлик 20 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда бир аптада, тактап айтканда, 5-августтан 11-августка чейин 19 миң 941 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-545;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -195;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-84;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-727;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2 миң 910;
-Авто ээнбаштык - 7;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4424;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 2;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 47;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 906 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ эгерде жол эреже бузуу фактысына күбө болсоңуз (0777) 102-102 ишеним номерине жөнөтүп койсо болорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий