• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда бир аптада 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда бир аптада, 9-сентябрдан 15-сентябрга чейин 20 миң 109 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 611;
  • Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 207;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 66;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 522;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 миң 478;
  • Авто ээнбаштык - 9;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 миң 206;
  • Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 5;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11миң 5;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 203 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий