• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 4 учуру катталды. Эпидкырдаал туруктуу

COVID - 19 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир аптада коронавирус инфекциясынын 4 учуру катталды.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, Бишкек шаарында -1, Ош шаарында 1 жана Чүй облусунда 2 учур аныкталган.

Адистер республикадагы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий