• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда бир күн ичинде 22 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 22 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте бир, Ош шаарында 4, Ош облусунда 9, Жалал-Абадда 3 жана Ысык-Көлдө 5 медик ооруп калды. “Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 49 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 790 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 766 медкызматкер айыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 36 миң 299га жетти. Илдеттен жалпы 26 миң 426 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1397ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий