Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 9, Нарын облусунан 12, Жалал-Абад облусунан 1, Ош шаарынан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1066 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.
Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 74 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1594 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий