Кыргызстанда бир күндө бустердик дозаны 57 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:

- биринчи дозасын 1 миң 115 адам алды, жалпы 1 млн 424 миң 68 адам;

- экинчи дозасын 74 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 151 миң 374 адам;

- бустердик дозаны 57 адам алды, алардын жалпы саны 110 миң 995 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий