Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн сутканын ичинде 10 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Абдраев көчөсүндө 122-чи үйдүн 150 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Үйдүн чатыры, төшөктөр, эшиги жана эки терезеси күйүп кеткен. Өрттүн себеби аныкталууда.
Аламүдүн районунда Ауэзов көчөсүндө SCANIA жүк ташуучу унаанын ичи жана кузову күйүп кеткен. Себеби электр жабдыктарын туура эмес колдонуу.
Токмок шаарынын 8-март көчөсүндө мончонун 70 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Себеби белгисиз.
Пикир
Оставить комментарий