Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 өрт кырсыгы катталды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 16.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 өрт кырсыгы катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Министрликтин билдирүүсүндө, Ош облусунун Навои паркында администрациянын имараты өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоодон имараттын чатырынын 80 чарчы метри жана ашкананын 40 чарчы метри өрттөнгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдын суммасы такталууда.

Өрттү өчүрүүгө 3 бригада тартылган.

Бишкектин Кайназарова көчөсүндө үй өрттөнүп, өрттүн аянты 70 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий