• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда бир суткада 10 миңге жакын адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 895 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 14 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 881 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 127 миң 348 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 907 миң 476 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий