Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3 өрт катталган.

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында турак үйдүн ашканасынын 36 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылында бастырманын 10 чарчы метр аянты жана үй-тиричилик эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий