• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Кыргызстанда бир суткада 15 өрт катталды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы бир күндө Бишкек шаарында - 4, Чүй облусунда - 2, Баткен облусунда - 1, Талас облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 1, Ош облусунда - 3 жана Нарын облусунда бир өрт катталган.

Алсак, Бишкектин Садыгалиева көчөсүндөгү “Туран” базардын ичинде жайгашкан тигичүүчү цехтин жуунучу бөлмөсүнүн пластик шыбы күйгөн.

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кош-Дөбө айылындагы короодо 60 чарчы метр сарай жана 30 чарчы метр бастырма толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби учурда такталууда.

ӨКМден кошумчалашкандай, калган учурларда куураган чөптөр күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий