Кыргызстанда бир суткада 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 3, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 2 өрт кырсыгы катталган.

Ош шаарында азык-түлүк дүкөнүнүн 40 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында аянты 81 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокат районундагы Кайрагач айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 60 чарчы метр чатыры, 50 түк чөп, 50 түк саман жана 500 кг отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Daewoo Lanos үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий