• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 27 өрт кырсыгы катталды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 27 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 30 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 3,Чүй облусунда 9, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Рухий Мурас конушунда жайгашкан жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Тилсиз жоонун себеби азырынча белгисиз.

Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи районунун 180-көчөсүндө ачык аянтта 5 чарчы метр куураган чөп күйгөн.

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы Жаз-Кечүү айыл аймагынын Уч жайлоосунда куураган чөптөн өрт чыккан. 23-сентябрь күнү өрттү өчүрүүгө 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Өрт саат 17:10до чектөөгө алынып, саат 20:03те толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 50 га. Бирок 23-сентябрь күнү өрт кайрадан жанданып баштаган, жеринде жалпы 17 куткаруучу өрт өчүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий