Бишкек, 01.01.25. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 322 ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматы боюнча, жарыкка келген ымыркайлардын 170и эркек, 152си кыз. Алардын арасында эгиздер жок.
Жыл жаңырганда саат 00:01де Бишкектеги Перинаталдык борбордо 3100 грамм салмакта эркек бала төрөлдү.
Ушул эле убакта Ысык-Ата Жалпы дарыгерлик-практикалык борборунда 2930 грамм салмакта кыз жарык дүйнөгө келди. Ал эми саат 00:02де Кара-Суу аймактык ооруканасында 3235 грамм салмакта эркек бала төрөлдү.
Нарын облустук бириккен ооруканасында саат 00:20да төрөт мезгилинин 36-жумасында 2470 грамм салмакта эркек бала жарык дүйнөгө келди.
Министрлик жаңы жыл түнү тынч өткөнүн, медициналык кызматкерлер ымыркайларга жана энелерге квалификациялуу жардам көрсөтүшкөнүн белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий