• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда бир суткада 4,4 миңден ашык адам коронавируска каршы эмдөө алды, жалпы – 41 миң 854

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 24 саатта коронавируска каршы 4 миң 443 эмдөө алды, анын ичинен 1 миң 685и экинчи доза алгандар. Республика боюнча 41 миң 854 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 5 миң 317 адам экинчи доза алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкекте – 11 360 (бир суткада – 1 миң 145, экинчи доза алгандар – 163);

- Ошто – 3 442 (бир суткада – 364, экинчи доза алгандар – 154);

- Чүй облусунда – 5 297 (бир суткада – 612, экинчи доза алгандар – 118);

- Ош облусу – 5 447 (бир суткада – 664, экинчи доза алгандар – 540);

- Ысык-Көл облусу – 3 834 (бир суткада – 494, экинчи доза алгандар – 159);

- Тадас облусу – 1 552 (бир суткада – 184);

- Нарын облусу – 2 050 (бир суткада – 236, экинчи доза алгандар – 43);

- Жалал-Абад облусу – 7 022 (бир суткада – 564, экинчи доза алгандар – 275);

- Баткен облусу – 1 миң 863 (бир суткада – 282, экинчи доза алгандар – 117).

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий