• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 5 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек. 05.08.22 /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында жыгач устундуу тунуке менен жабылган 2 кабаттуу турак үйдүн 114 чарчы метр аянты жана үй буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган мончонун 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий