• 87
  • 91.26
  • 0.84

Кыргызстанда бир суткада 54 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда бир түндө мас абалында 54 айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 12-декабрдан 13-декабрга караган түнү өлкө боюнча жол эрежесин одоно бузган 2517 айдоочу аныкталган.

Анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган 54 айдоочу,
  • карама-каршы тилкеге чыккан 12 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган 421 айдоочу;
  • тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 87 айдоочу кармалган.

Ошондой эле 387 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий