Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 6 миң 830 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 130 адам вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 700 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 250 миң 954 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 42 миң 747 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Пикир
Оставить комментарий