• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда бир суткада 738 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 23-июнга карата коронавирус дагы 738 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 360, Ош шаарында – 93, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 108, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 26, Жалал-Абад облусунда – 60, Баткен облусунда – 31 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 451 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 200, Ош шаарында – 34, Чүй облусунда – 104, Ош облусунда – 48, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 32, Жалал-Абад облусунда – 16, Баткен облусунда – 9 адам", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 496 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 396 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 31 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 187 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 793 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 117 миң 284 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 106 миң 383 киши айыгып чыкса, 1 миң 953 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий