• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда бир суткада 8 миң 935 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 8 миң 935 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 29 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 906 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 165 миң 204 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 947 миң 399 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий